Жаңылыктар
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен дары-дармек чыгарган завод курулууда
Экономика
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен дары-дармек чыгарган завод курулууда

Кыргызстанда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен дары-дармек чыгарган завод курулууда. Заводдун жетекчилиги менен фонддун өкүлдөрү салтанаттуу түрдө келишимге кол коюшту. Ага ылайык заводду курууга Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 7,7 миллион АКШ доллары берилет. Заводдун курулушу эки жыл ичинде аяктайт.

Завод бир жылда 500 миллион таблетка, 150 миллион капсула, 50 миллион пакет, 20 миллион сироп менен суспензия, 22 миллион медициналык бет кап өндүрөт. Мында 90дон ашык дары-дармектин түрү өндүрүлүп, ички керектөөнүн 70 пайызын камсыздайт. Дары-дармектер жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине киргизилген.

Керектөөчүгө жеткенге чейин дары-дармектин баары чейин бир нече тепкичтен турган лабораториялык изилдөөдөн өтөт. Жабдуулар эл аралык талаптарга шайкеш келип, Япония Германиядан алып келинди.

Өндүрүлгөн каражаттар чоң суроо талапка ээ. Арасында covid-19 илдетин дарылоого зарыл болгон гепарин, дексаметазон жана башка дарынын түрлөрү бар. Ишкана кеңейүүгө бел байлап, дары чыгарган заводду өз алдынча курууга киришкен. 

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду мындай ишканаларды колдоого кызыкдар. Келишимдин жалпы суммасы 9,9 миллион доллар. Мунун 7,7 миллионун фонд, калганын ишкана өзү каржылайт. Учурда заводду куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Завод ишке кирсе ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бир жылдык соода жүгүртүүсүнө болжол менен 1,2 миллион доллар салым кошот. Мындан сырткары өлкөнүн экономикасына комплекстүү таасирин тийгизет. 10 миллион доллар өлчөмүндө импортту алмаштырып, 78 жаңы жумуш оруну түзүлөт.