Жаңылыктар
"Талибан" кыймылы Панжшер провинциясын курчоого алды
Дүйнө
"Талибан" кыймылы Панжшер провинциясын курчоого алды

Афганистандын дээрлик бардык аймагына ээлик кылган "Талибан" кыймылы багына элек жалгыз Панжшер провинциясын курчоого алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирүүдө. 

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы учурда аталган провинцияны төрт тарабынан курчоого алган. Кыймылдын өкүлдөрү буга чейин провинцияга губернатор жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн дайындаган болчу. Алар шаар тургундарынан каршылыкка барбай "Талибан" кыймылынын катарына кошулуусун эскертишкен. 

Айтсак, Панжшер провинциясы Афганистанда талибдер көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болчу.