Жаңылыктар
Казанда КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук оюндары өтөт
Спорт
Казанда КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук оюндары өтөт

Татарстандын борбору Казань шаарында 4-11-сентябрь аралыгында КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук оюндары “Биздин күчүбүз Шериктештикте” деген ураан астында өтөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, КМШ оюндарына шериктештикке кирген 10 өлкөдөн 1500 спортчу катышат. Жалпы 15 спорт түрүнөн 184 медал ойнотулат.

КМШнын биринчи оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 13 түрү боюнча 150дөн ашык спортчу коргойт.

Мелдешти алгач 2020 -жылдын сентябрь айында өткөрүү пландаштырылган, бирок пандемияга байланыштуу мелдеш 2021 -жылдын сентябрына жылдырылган - деп айтылат билдирүүдө.