Жаңылыктар
Кыргызстандык танкисттер Россияда өткөн мелдеште чемпион болду
Спорт
Кыргызстандык танкисттер Россияда өткөн мелдеште чемпион болду

Кыргызстандык танкисттер Россияда өтүп жаткан "Танк биатлону — 2021" мелдешинде чемпион аталды. 2-дивизиондогу финалдык жарыштар бүгүн, 3-сентябрь күнү болуп өттү.

Чечүүчү бөлүктө  кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышып, биринчи орунду ээледи. Экинчиге Тажикстан жайгашса, үчүнчү орунду Мьянма алды.

Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, маарага 2 саат 16 мүнөтт 51 секундда келди.