Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кандай?

4-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 53 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 328 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 198 куб метрге жетүүдө. Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.