Жаңылыктар
Бишкекте "Ак Мөөр" опера-дастаны коюлат
Маданият
Бишкекте "Ак Мөөр" опера-дастаны коюлат

5-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак Мөөр" спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. 

Ал Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына коюлууда. Опера-дастандын дирижёр-коюучусу Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каниметов, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев.