Жаңылыктар
Эгемендүүлүккө — 30 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүккө — 30 жыл

Дүйнөдө миңдеген түрдүү элдер болгону менен, 200 гана өлкөнүн желбиреген желеги бар. Бул ийгиликке Кыргызстан 30 жыл мурда жетишкен. 1991-жылдын 31-августунда Легендарлуу парламент “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация” кабыл алып, кубанычтын кол чабуусу 10 мүнөткө созулган.

Ошондон бери Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, тең ата мамиле күтүүгө жетишти. Адистердин айтымында, бул кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келаткан тилеги эле. Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин эмнеге жетиштик, эмнеден артта калдык, сыноолордон кандай сабак алдык деген собол турат - дейт талдоочулар.


Медалдын эки бети бар эмеспи, эгемендик жылдары жаңылышкан учурлар да көп болду. Кыргыз эли башынан далай оор күндөрдү, кандуу, кайгылуу учурларды өткөрдү. Бул аралыкта алты президент алмашты, алардын үчөөнүн бийлиги ыңкылап жолу менен жаңыланды. Тарыхчылар бул биз үчүн чоң сабак болгонун, мамлекеттин, коомдун туруктуулугу дайыма сыноого алынып турарын белгилешет.
 
Социалдык, экономикалык кемчиликтерди, саясий каталарды бир күндө жоюп, жок кылуу мүмкүн эмес. Бул багыттагы аракеттер акырындык менен жолго коюлат.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элин майрамы менен куттуктап, суверендүүлүктү тандап алган Кыргызстандын эгемендик жылдардагы басып өткөн жолуна, жакынкы 5 жылдагы аткарыла турган иштерге токтолду. Ал алдыдагы мамлекеттик саясат -жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталарын айтты.

Учурда экономикалык ыкчам өнүгүүнү камсыздоо үчүн бир катар амбициялуу пландар бар. Азыр энергетикалык потенциалды колдонуу үчүн ири жана кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун жүзөгө ашыруу аракети күч.

Ошондой эле бүгүнкү күндө чек ара аймактарын бекемдөө маанилүү. Муну биринчи кезекте Афганстандагы окуялар талап кылууда.

Куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары, куткаруучулар, айтор бардык күч түзүмдөрү өзүнүн тиешелүү аскерлерин параддан өткөрүп, зооттолгон танкалык техника, артиллериялык куралдар майрамды шаңга бөлөдү.

Салтанаттуу жүрүштө эл алдынан чубаган оор техникаларды, аткычтарды жаңы деп айтууга болбойт. Бирок көпчүлүк адистер Кыргызстанда соңку жылдары армиянын курал кампасы кыйла жаңыланганын белгилешүүдө. Аскердик форманы өлкө өзү даярдаса, куралдарды өнөктөш мамлекеттер берип жатат.

Аскер парадына, эмгекчилердин салтанаттуу жүрүшүнө экран аркылуу күбө болгон аймактагылардын баары эгемендиктин 30 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгилешти. Дээрлик бардык облустарда улууттук оюндар, көргөзмөлөр уюштурулган. 

Обон созуп ырдагандар ыр-бий, театрлаштырылган оюн-зооктор, спорттук таймаштар, жарыштар, аянттагы майрамдык маанайды ого бетер шаңга бөлөдү. Кыргызстандыктарга жаркын маанай алып келген эгемендик - элдин баа жеткис энчиси. Бүгүнкү күндө көз карандысыздыкты көздүн карегиндей коргоо - ар бир жарандын ыйык милдети.