Жаңылыктар
Чакан жана орто бизнести колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Чакан жана орто бизнести колдоо

Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясынын башталганына 2 жылдан ашып калды. Анын кесепети эң ириде ишкерлерге тийип, өзгөчө чакан жана орто бизнес азыркы күнгө чейин экономикалык каатчылыктын таасиринен чыга элек. Анын үстүнө кыргыз экономикасынын басымдуу бөлүгү импорттон көз каранды болгондуктан, чек аралардын жабылышы ишкер чөйрөгө чоң сокку болду. 

Гүлнара Сатыбалдиева жетектеген компания курулуш тармагында иш алып барат. Айтымында, пандемия ишкерлерди бир топ эле жүдөттү. Керектүү материалдар убагында келбей, ага катар баалар кескин өстү. Мындай жагдайда ишкерлердин өкмөттүн каржылык колдоосуна жана салыктык жактан жеңилдиктерге муктаждыктары жаралды.
 
Матлюба Хакимова болсо чакан бизнестин ээси. Ал бир жылдан бери чүчвара, манты, самсынын камырын даярдоочу ишкананы иштетет. Башында продукция чыгарууга керектүү болгон жабдыктарын кайрымдуулук фонддордун бири жардам катары алып берген. Ал эми азыр ишкер айымдын бизнесин мындан ары да кеңейтүү планы бар болгондуктан, ага каржылык жактан колдоо керек болуп турат.
 
Кыргызстанда мындай чакан бизнесин кеңейтип, атаандаштыкка туруштук бергиси келген ишкерлер абдан эле көп. Баары каражатка барып такалат. Анын үстүнө пандемия ишкерликтин бул багытына өзгөчө зыянын тийгизди. Андан бери бизнесин жанданта албай жаткан ишканалар да бар.
 
Эми ишкерлердин көйгөйү комплекстүү түрдө чечилет. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө сүйлөгөн сөзүндө, жалпы эле ишкер чөйрөнү, ага катар пандемиянын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн чакан жана орто бизнеске каржылык көмөк көрсөтүүнүн пландары иштелип чыкканын билдирди. Анын алкагында ишкерлерге салыктык жактан жеңилдиктер берилип, муктаждыктарына жараша арзан насыя менен камсыздалышы керек.
 
Мындан сырткары каржы ресурстарын туура пайдалануу жана кечиктирилгис, чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында турукташтыруу фонду түзүлөт. Фондго жыл сайын республикалык бюджеттин 10 пайызы каралууга тийиш. Бул 17 миллиард сомду түзөт. Азыр Стабилизациялык фондду түзүү үчүн бюджеттик кодекске өзгөртүүлөр киргизилгени турат.