Жаңылыктар
БШК 75 саясий партиялардын шайлоого катышуу тууралуу жазган арыздарын кабыл алды
Шайлоо 2023
БШК 75 саясий партиялардын шайлоого катышуу тууралуу жазган арыздарын кабыл алды

Мөөнөтүнөн бир жыл кечиккен парламентке кайра шайлоо өлкөдө бийлик алмашып, саясий күчтөрдүн балансы өзгөргөн шартка туш келди. Анын үстүнө Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу пропорционалдык жана мажоритардык система менен шайлоо өткөнү турат. Саясий жарышка катышуу ниетин билдирген партиялардын билдирүүлөрүн кабыл алуу аяктады. Ал эми бир мандаттуу округдардын аймагын тактоо иштери уланууда.
 
Апта башында мамлекет башчысы кол койгон жарлыка ылайык, Жогорку Кеңештин депуататтарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Депутаттарды шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Ага ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы Конституцияга ылайык парламенттик шайлоонун шарттары да өзгөрдү. Ошондо Жогорку Кеңешке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, калган 36сы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланат.
 
Ошондой эле, бул жолку мажоритардык система менен депутаттарды шайлоодо экинчи тур деген болбойт. Мурда “талапкер жалпы шайлоочулардын 50% добушун алыш керек” деген норма бар болчу. Эгерде талапкерлер бул чектен ашпаса, анда эң көп алган эки талапкер экинчи турга өтүп келген. Азыр ким көп добуш алса, ошол талапкер парламентке депутат болуп келет.
 
Ошентип буга чейинки шайлоолордо чырга себеп болгон №2 форма жок болот. Шайлоочулар паспортунда көрсөтүлгөн даректен гана добуш бере алат. Ушул тапта БШК мүчөлөрү бюлеттендер кандай болгондо шайлоочулар үчүн адашпагандай жана ыңгайлуу болоорун аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Округ боюнча бир мандаттуу шайлоо мурдагыдай эле жөнөкөй схема менен өтөт. Шайлоочу анын округу боюнча ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен өзү татыктуу деген талапкердин аты-жөнү жазылган жерге белги коюп коёт. Ал эми пропорционалдык система менен добуш берүү бир аз татаалыраак болот.
 
Ар бир шайлоочу пропорционалдык добуш берүү системасынын алкагында партияга гана эмес, өзү жактырган талапкерге дагы добушун бере алат. Бул жолку шайлоодо эки система айкалышкандыктан шайлоо күнү жарандарга эки бюллетень берилет.
 
Болжолдуу эскизге ылайык, биринчи бюллетень пропорционалдык система менен добуш берүү эки бөлүктөн турат. Ар бир партиянын жанында ичи бош квадрат тартылган. Ага белги коюу менен шайлоочу добушун берет. «Баарына каршы» деген дагы графа бар. Экинчисинде номер коюлган 54 квадрат болот. Андагы сандар партиянын тизмесиндеги талапкерлердин катар номери катары эсептелет. Шайлоочу өзү тандаган партиядагы бир эле талапкерге добушун бере алат. Добуш берүү үчүн тийиштүү квадратка белги коюу зарыл. Башкача айтканда, талапкерге добуш берүү үчүн анын катар номерин билүү керек. Бул үчүн шайлоо участкаларында бардык талапкерлердин катар номери жазылган стенддер коюлат.
 
3-сентябрда саясий партиялар үчүн шайлоого катышуу ниетин билдирүүгө берилген убакыт аягына чыкты. БШКга баш аягы 75 саясий партия шайлоого катыша турганын билдирип, документтерин тапшырды.
 
Алдыдагы саясий жарышка аттангандардын тизмесинде, мурдагы белгилүү партиялар менен кошо, жаңы түзүлгөн, белгилүү эмес да партиялар бар. Эми документ тапшырган саясий партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек. Ал эми партиялардын жана бир мандаттуу округдарга талапкерлерди көрсөтүү жараяны 14-октябрга чейин жүргүзүлөт. Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүп бекитиши керек.
 
Адистер жаңы Баш мыйзамдын негизинде, өзгөчө эрежелер менен өтө турган шайлоо өнөктүгүнө дыкат даярдык көрүлүшү керек дешет. Добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу тобокелчиликтери да эске алынып, ыкчам чараларды көрүү гана таза шайлоо өткөрүүгө өбөлгө болот.