Жаңылыктар
Өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошкон инсандардын эмгеги мамлекет тарабынан бааланды
Маданият
Өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошкон инсандардын эмгеги мамлекет тарабынан бааланды

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында жергебизде кош майрам болду. Калың журт өлкөнүн өнүгүшүүнө зор салымын кошуп, өз ишинин өтөөсүнө чыккан инсандарыбыздын мамлекет тарабынан эмгеги баалаганына маңдайы жарыла кубанышты. Дал ушул күнү Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыктарга кол койду. Ага ылайык бир топ инсандарыбыз Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн сыйланышты.

Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгондордун арасында аймактардагы ар кайсы тармакта талыкпай эмгектенген кесипкөйлөр арбын. Алардын бири - алыскы Баткен облустук китепканасынын директору Топчугүл Пирматова. Ал өмүрүнүн кырк жылын жаштардын жана жалпы эле элдин билим деңгээлин жогорулатып, дүйнө таанымын кеңейтүүгө арнаган.

Ал эми “эмгек сиңирген куруучу” наамына татыктуу болгон Каныбек Өмүралиев өз кесиби менен сыймыктанат. Жыйырма жылдан бери жол курулуш тармагында эмгектенет. Каныбек мырза 2000-жылдан бери Каракол шаарындагы жол курган ишкананы жетектейт. Алар бир гана Ысык- Көл облусунун гана эмес, башка аймактардын жолдору менен көпүрөлөрүн оңдойт.

Жол салуу түйшүктүү иш. Ага карабай Кыргызстаныбыздын жолдору эл аралык талапка жооп бергидей болушу үчүн күчүбүздү аябай жан үрөйбүз. Күнү-түнү иштеген тынымсыз эмгегибиздин акыбети кайтып, мамлекет тарабынан бааланып жаткандыгына кубануудамын,-дейт Каныбек Өмүралиев.

Башкалардын балдарын да өз балдарымдай көрөм,- деген Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына ээ болгон Шайыргүл Мамбеткадырова 50 жылдан бери балдардын саламаттыгы үчүн кам көрүп келет.

Саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн сыйлыктарга татыгандардын катарында 20 миңдей операция жасаган белгилүү дарыгер Юсуп Үмөталиев жана Ош, Жалал-Абад ооруканасынын дарыгерлери да бар.

Искусство бул - көркөм чындыкты жаратып, коомдун аң-сезимин калыпка салууга көмөктөшөт. Бул айдың көп эмгекти, көп курмандыкты талап кылат. Өзгөчө театр актёрлорунун жашоосу татаал. Ийгиликтер, кубанычтар менен катар кайгы да болот. Жеңишке жетүү үчүн ошонун баарына чыдаш керек,- дейт сахна жылдыздары.

Киного кичинесинен эле жакын болгондугун айтат Кинопресса эл аралык федерациясынын мүчөсү, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова. Бул тармакка келип калышына апасы түрткү болгон. Күнү-түнү ээрчип жүрүп залкар актёр, режиссерлор менен таанышып тармакка аралашкан.

Кыргыз элинин келечеги үчүн ак кызматын арнап, Кыргыз Мамлекетин түптөгөн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго жана эли үчүн опол тоодой эмгек кылган Акматбек Сүйүмбаевге каза болгондон кийин "АкШумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.