Жаңылыктар
ӨКМ: Жайыл районунда 700 түк чөп күйүп кетти
Айыл чарба
ӨКМ: Жайыл районунда 700 түк чөп күйүп кетти


Кечээ, 5-сентябрь күнү Жайыл районунун Эриктүү айылына караштуу "Коператив Спутник" дачасында аянты 50 чарчы метр болгон сеновал жана 700 даана түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө Жайыл райондук №22 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылды. Өрт саат 18:10до чектөөгө алынып, 21:00до толук өчүрүлдү.

Учурда, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ал эми жабыркагандар жок.