Жаңылыктар
Бирдиктүү форма эмес, бирдиктүү талап
Билим
Бирдиктүү форма эмес, бирдиктүү талап

Быйыл былтыркыдай эле жалпы республика боюнча мектеп окуучуларынын кийими ак, кара, боз, кочкул кызыл же көк түстө болушу зарыл. Эгер буга чейин балдар үстү ак, асты кара же союз мезгилинде кийилген форма фартукту бирдиктүү форма катары кийип келсе, мектеп жетекчилигинин макулдугу менен ага дагы уруксат берилет. 

Бирок ата-эненин макулдугусуз мектеп жетекчилери таңуулап, форма кийгизе албайт. Болгону Билим берүү министрлиги сунуш кылган өңдөрдөгү кийимди мектеп жетекчилиги ата-энелер менен талкуулап, кабыл алышы керек.