Жаңылыктар
Пакистандын Белуджистан провинциясындагы жардыруудан 4 адам каза болду
Дүйнө
Пакистандын Белуджистан провинциясындагы жардыруудан 4 адам каза болду

Өткөн жекшембиде Пакистандын түштүк-батыш тарабындагы Белуджистан провинциясында жардыруудан кеминде 4 адам каза болуп, 20дай киши жаракат алды.

Маалыматтарга ылайык, мотоцикл тепкен жанкечти көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында полициянын унаасын сүзүп барып жардырууну ишке ашырган. Каза болгондордун баары чек ара кызматкерлери болгон. Бул терракты "Пакистандагы талибдердин кыймылы" тобу моюнуна алды. Аталган топ, Пакистан менен Афганистандын чек ара аймактарында активдүү болуп эсептелет. 

Ошондой эле "Пакистандагы талибдердин кыймылы" тобу Пакистанда Ислам мамлекетин түзүү идеясын карманып келет. Пакистандын Белуджистан аймагы Иран жана Афганистан өлкөлөрү менен чектешет.