Жаңылыктар
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Жалал-Абадда
Экономика
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Жалал-Абадда

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү Жалал-Абаддык ишкерлер менен жолукту. Жолугушууда ишкерлер менен насыяны кантип алуу жолдорун жана кантип иштетүү тууралуу кеңири талкуу болду. Фонд насыя берип баштагандан тартып Жалал-Абад облусундагы ишкерлердин 74 долбоорун жактырып, ага 224миллион сом насыя берген. 

Фонд тарабынан колдоо тапкан долбоордун көпчүлүгү мал жана айыл чарба багытында. Азыркы тапта Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 8 өнөктөш банк аркылуу иш алып барууда. 

Мындан сырткары фонд Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан калааны өнүктүрүү боюнча сунушталган 30 долбоордун алтоосун жактырып, эки тараптуу меморандумга кол коюду.