Жаңылыктар
Нарын: Калкты жумуш орду менен камсыздоо
Аймак
Нарын: Калкты жумуш орду менен камсыздоо

Эмгек рыногунда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатын көздөгөн окутуу-семинары Нарын облусунда уюштурулду. Ага Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Бишкек, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облусунундагы кызматкерлери тартылган. 

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, жарандар өз мекенинде эмгектениши үчүн жумуш орундары менен камсыздоо маселеси колго алынышы керек экенин белгиледи.