Жаңылыктар
Ош: ИИМ ыкчам кеңешме өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: ИИМ ыкчам кеңешме өткөрдү

Ош шаарында министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун төрагалыгы алдында Ички иштер кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Анда 9 айда актарылган иштер, 24-августта Президенттин катышуусунда болуп өткөн ИИМдин коллегиясында коюлган тапшырмалардын, талаптардын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы, өлкөдө болуп жаткан жол кырсыгынын кесепеттерин жоюу маселелери талкууланды. 

Ички иштер министрлиги тарабынан коллегиянын чечими менен тартип сакчылары мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жана акыйкат тергеп, калыс чечим кабыл алуу багыттарында иш алып барат. Аткарылган иштердин ар бири коллегияда каралып, чечимдер кабыл алынат.