Жаңылыктар
"Шамбала" тасмасы Москвадагы фестивалда сыйлыкка татыды
Кыргызстан жаңылыктары
"Шамбала" тасмасы Москвадагы фестивалда сыйлыкка татыды

Москвада өткөн "Биз жашайбыз!" кинофестивалында "Шамбала" тасмасы эки сыйлык алып келди. Тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан тартылып, Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган. 

Фестиваль 27-августтан 3-сентябрга чейин Москвада өтүп, анда тасма "толук метраждуу кинодо мыкты операторлук иш үчүн" номинацияны жеңип алды. Операторлор Акжол Бекболотов менен Мурат Алиев кинофестивалдын дипломдору менен сыйланышты. 

Ал эми тасманын режиссеру толук метраждуу фильмдердин конкурсунда фестивалдын президентинин сыйлыгына ээ болду. "Шамбала" фильми былтыр Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган.