Жаңылыктар
БШК бардык шайлоо жараяндарын мыйзам бузуусуз өткөрүүгө кызыкдар
Шайлоо 2023
БШК бардык шайлоо жараяндарын мыйзам бузуусуз өткөрүүгө кызыкдар

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык шайлоо жараяндарын мыйзам бузуусуз өткөрүүгө кызыкдар. Бул максатта шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме берген саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинарларды өткөрүүнү баштады. 

Иш-чарада жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү, талапкерлердин тизмелерин каттоо тартиби жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери тууралуу кенен маалыматтар камтылууда.