Жаңылыктар
Мамлекеттин инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн туруктуулук абдан маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
 Мамлекеттин инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн туруктуулук абдан маанилүү

Өлкөдө ар кандай саясий өнөктүктөрдүн алдында элди тынчтык туруктуулук маселелери тынчсыздандыра баштайт. Мындай жагдайды айрым күчтөр пайдаланып, эл арасына дүрбөлөң салууну каалагандар да жок эмес. 

Андыктан адистер алдыда өтө турган шайлоолордун алдында коомдук тартипти так сактоого чакырышат, ага катар эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чечүү, мамлекеттин инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн туруктуулук абдан маанилүү экенин эскертишет. 

Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өлкө эми-эми гана туруктуулуктун нугуна түшүп, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий процесстер ирети менен ишке аша баштады. 

Туруктуулукту биринчи кезекте жергиликтүү эл каалайт. Адистер, өлкөдөгү саясий туруксуздук биринчи кезекте экономикага терс таасирин тийгизерин белгилешет. Митинг, пикет сыяктуу өнөктүктөр маселе чечпей эле, тескерисинче жаңы көйгөйдү жараткан өнөкөткө айланды.