Жаңылыктар
Быйыл салык көп чогулуп, карыздар өндүрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл салык көп чогулуп, карыздар өндүрүлүүдө

Өлкөдө жыл башынан бери 66 миллиард сомдон ашык салык жана төлөмдөр чогулду. Бул сегиз айга максат кылынган көлөмдөн дээрлик 5 пайызга көп. Мамлекеттик салык кызматы ондогон ишкана, жеке тараптар менен карызды өндүрүү максатында соттошууда. Жалпысынан 165 миң салык төлөөчү 24 миллиард сом карыз.

Жыл башынан бери республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чогулган салык түрүндөгү каражаттардын көлөмү көбөйүүдө. Мамлекеттик салык кызматы соңку сегиз айдагы көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Салык кызматы карызы бар ишканалардан, жеке тараптардан каражатты өндүрүү менен алек. Айрым талаштуу маселелерге сот чекит коюуда.

1-июлдан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын милдеттүү түрдө маркалоо эрежеси киргизилген. Бул багытта иш алып барган ишканалар автоматташтырылган маалымат системасына катталышты.