Жаңылыктар
Абага зыяндуу заттардын жайылышын азайтууга аракеттер көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Абага зыяндуу заттардын жайылышын азайтууга аракеттер көрүлүүдө

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет шаарларда зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтууга багытталган иштерди күчөтүүдө. Ишканаларды жаңы технологиялар менен камсыздоо жана транспорт каражатына болгон көзөмөл өлкөнүн экологиялык абалдынын жакшырыныша оң таасирин тийгизет дешет адистер.

Жаңы түзүлгөн Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет абага зыяндуу заттардын жайылышын азайтууга бел байлады. 2019-жылы өлкөбүз климат боюнча Париж келишимин ратификациялаган. Бул документке ылайык, Кыргызстан глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга тийиш.

Акыркы жылдары Бишкек шаары кышкысын кара түтүнгө тумчугуп, жыл сайын экологиялык катастрофа кайталанчу болду. Былтыр декабрь айында Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы булганган эң кир шаарлардын сап башыначыкты. Көйгөдү тез арада чечпесе, жыл өткөн сайын абал оорлошуп бара жатат.
 
Смог маселеси көп жылдан бери айтылып эле келет. Сөз эмес, иш жүзүндө конкерттүү чараларды көрүүгө убакыт келди. Ал үчүн транспорттук каражаттардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү, ишканаларда заманбап технологияларды колдонуу сыяктуу иштерден баштоо зарыл.