Жаңылыктар
Жөлөк пул эки баскыч менен көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Жөлөк пул эки баскыч менен көбөйтүлөт

1-октябрдан баштап жөлөк пул көбөйтүлөт. Адегенде 50 пайызга көбөйтүлсө андан кийин 100-200 % га жогорулайт. Ал үчүн казынадан кошумча каражат каралат. Маселен, октябрдан баштап көтөрүлө турган жөлөк пул үчүн мамлекеттик бюджеттен 453 млн сомго чукул каражат керектелет. 

Бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 4 миң сом жөлөк пул алат, октябрдан баштап 6 миң сом ала башташат. 

Ошондой эле атасынан же энесинен айрылган балдарга төлөнө турган каражат 1000 сомдон 1500 сомго чейин көбөйтүлөт, ата-энеси жок балдарга 2000 сомдон 3000 сомго дейре жогорулатылат.