Жаңылыктар
Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү маселеси коомдук талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү маселеси коомдук талкууда

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо маселесине Конституциялык палата өзүнүн корутундусун бериши керекпи? Бул маселе өтүп бараткан аптада кеңири талкууга алынды.

Аны менен катар Жогорку Кеңештин регламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү парламент аркылуу ишке ашырылып жатканда, мыйзам долбооруна карата Конституциялык палатанын корутундусу милдеттүү түрдө экенин бекемдеп турат.

Андыктан Жогорку Кеңеш мыйзамдар аркылуу өздөрүнүн ыйгарым укуктарын чектеп, өзгөртүүгө Конституциялык палатанын корутундусун милдеттүү деп жазган. 

Бирок бул маселеде депутаттар элдин эркин чектеген эмес, тактап айтканда референдум аркылуу баш мыйзамга толуктоо киргизүү чечимин Конституциялык палатанын оң корутундусу жок эле чечим кабыл алса болот.

Эгер теориялык жактан алганда да, Конституциялык палата терс корутунду берсе, анда Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулай албайт. Анткени референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдын долбоорунун текстине өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул аптада баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү демилгеси серепчилер, юристтер жана мамлекеттик тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынды. Анда Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн максаты, өзгөртүүлөрдун маани-маңызы тууралуу сөз болуп, маселен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын мындайча түшүндүрдү.

Белгилүү болгондой, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси буга чейин бир катар саясий партиялардан, жарандык коомдук өкүлдөрүнөн жана коомдук ишмерлерден түшүп турган. 2010-жылы шашылыш кабыл алынган баш мыйзамда бир катар карама- каршылыктар жана кемчиликтер бар эле.

Жогорку Кеңеш конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдарды күздө карай баштайт. Ага чейин мыйзам демилгечилери бардык сунуш-пикирлерди кабыл алып, документтин сапатын дагы жакшыртууга кеңири убакыт бар.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118