Жаңылыктар
Кышка даярбызбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка даярбызбы?

Бул жумада өкмөттө кышкы жылытуу сезонуна карата селектордук жыйын өттү. Анын жыйынтыгы менен премьер-министр бир катар тапшырмаларды берди. Сооронбай Жэээнбеков белгилегендей, биринчи кезекте отун сатып алуу тендерлерин кечиктирбөө, электр жабдыктарын даярдоо жана Токтогул суу сактагычына керектүү өлчөмдөгү сууну топтоо керек.

Аны менен өкмөт башчы тиешелүү ведомстволорго Бишкек Жылуулук электр борборун үзгүлтүксүз көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасын берди. Мындан тышкары жыйында аймактардагы жылуулук берүү ишканаларын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү маселеси айтылды. 

Кыргызстан жыл сайын кышка чоң казатка даярдангандай эле камданат. Кыштын камын жазда көр дегендей, өкмөт быйылкы жылы кышка даярдыкты эрте баштап, жай аптабы бүтө электе эле, тиешелүү тараптардын бардыгын жыйынга чогултту. 

Азырынча кыш ызгаарына даярдык дурус экени айтылууда. Өлкөдөгү жылуулук борборлору көмүр жана карамай менен жетиштүү камсыздалып, көгүлтүр отто да көйгөй болбойт.

Айрымдар быйыл кышында жарыкты кымбаттатат экен деп дүрбөлөңгө түшүп атты эле, мындай уу-дуу кепке өкмөт башчы чекит койду көрүнөт. Анткени президенттин тапшырмасына ылайык, өкмөт быйыл тарифтерди көтөрбөө чечимин кабыл алды. 

Антейин десең, азыркы тарифтер электр ишканаларынын чыгашасын жаппайт. Ошондуктан, премьер-министр тийиштүү органдарга компаниялардын өзүн-өзү актай алышына жана каржылык жактан туруктуу деңгээлге жеткирүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле өкмөт башчы тийиштүү мекемелерге тариф саясатын иштеп чыгууну тапшырды. Эскерте кетсек, азыр 1 кВт электр энергиясы үчүн калк 77 тыйындан, ал эми 700 киловаттан ашып кетсе, 2 сом 16 тыйындан төлөйт. 

Ал эми ишканалар 2 сом 24 тыйындан сатып алат. Ал эми электр энергиясына болгон карызды эсептей келгенде, бюджеттик мекемелердин жарыкка болгон карызы 121 миллион сомго жеткен. Анткен менен элдин карызы мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайды.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118