Жаңылыктар
БШК тизмедеги талапкерлердин санын чектеди
Шайлоо 2023
БШК тизмедеги талапкерлердин санын чектеди

Парламенттик шайлоодо бир партиянын тизмесине кирген талапкерлердин саны 54төн ашпашы керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

Айтымында, буга чейин партиялардагы талапкерлердин саны 200 адамга чейин болчу. Алардын арасында шайлоо учурунда убактылуу ишмердүүлүгүн токтоткон кызматкерлер дагы бар болчу. Бул административдик ресурс колдонууга алып келген. Ошондуктан биз тизмеде депутат болууну каалагандар гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени, 200 талапкердин арасынан чындап депутат болууну каалагандар 30-40 эле адам, калгандарына кызматтар берилип келген, - деди БШКнын төрайымы.