Жаңылыктар
Олимпиада оюндары аягына чыкты
Спорт
Олимпиада оюндары аягына чыкты

Катуу шамал менен нөшөрлөп жааган жаандын алдында Рио-де-Жанейродо 31-жайкы Олимпиадалык оюндардын жабылуу аземи өттү. 

Эл аралык олимпиадалык комитеттин желеги 2020-жылы, 4 жылдан кийин оюндар өтчү Токиого тапшырылды. 

Маракана стадионунда Кыргызстандын желегин, эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыкты. Риодо ал эркин күрөш боюнча 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 5-орунду ээлеген. 

Кыргызстандан олимпиада оюндарына спорттун 6 түрү боюнча 19 спортчу катышты. Ал эми жалпы дүйнө жүзүнөн бул жолку олимпиадага 207 делегация катышып, 306 комплект медаль ойнотулду.