Жаңылыктар
Алдыдагы шайлоо жаңы мыйзамдардын негизинде өткөнү турат
Шайлоо 2023
Алдыдагы шайлоо жаңы мыйзамдардын негизинде өткөнү турат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтарагы саясий кызматтарды ээлеген аткаминерлер кызматынан кетиши керек. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул алдыдагы шайлоо жаңы мыйзамдар менен өткөнү турат. Мындан улам жаңы эреже-талаптар киргизилди. 

“Мурда саясий кызматтарда жетекчилик орундарды ээлеген жарандар ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышчу. Ал эми административдик кызматты ээлеген жарандар өзүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышат”,-деди ал. 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылы 28-ноябрга белгиленген.