Жаңылыктар
Чет мамлекеттеги жарандар партиялык система боюнча гана добуш бере алышат - Шайлдабекова
Шайлоо 2023
Чет мамлекеттеги жарандар партиялык система боюнча гана добуш бере алышат - Шайлдабекова

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар бир мандаттуу система боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүүгө катыша алышпайт. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, чет мамлекеттеги жарандар партиялык система боюнча гана добуш бере алышат. 

Ошондой эле БШКнын төрайымы алдын ала маалыматтар боюнча, алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө 602 млн сом керектелерин билдирди. Мындан тышкары чет өлкөлүк донорлордон жардам келээри күтүлүп жатат. Мыйзамда чет өлкөдөн келген жардам үч багытка гана көрсөтүлүшү мүмкүн экени жазылган. Атап айтканда, бул кызматкерлерди окутуу процессине, шайлоо тууралуу маалымат компаниясына жана техникалык колдоо максатында-деди Шайлдабекова.