Жаңылыктар
27-сентябрдан тарта YouTube айрым смартфондордо иштөөсүн токтотот
Дүйнө
27-сентябрдан тарта YouTube айрым смартфондордо иштөөсүн токтотот

Google ушул жылдын 27-сентябрь айынан тарта Android 2.3 операциондук системасында иштеген смартфондорго аталган компаниянын сервистерин колдонууга блок коюларын жарыя кылды.

Тактап айтканда YouTube, Google Maps, Gmail, Google Calendar жана башка Google’дын тиркемелери жогорудагы операциондук системада иштөөсүн токтотот.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Google Pay төлөм системасы Android 2.3 версиясында блоктолгон.

Android 2.3 операциондук системасында иштеген смартфондор: Sony Xperia Advance, Lenovo K800, Sony Xperia Go, Vodafone Smart II, Samsung Galaxy S2, Sony Xperia P, LG Spectrum, Sony Xperia S, LG Prada 3.0, HTC Velocity, HTC Evo 4G, Motorola. Fire жана Motorola XT532.