Жаңылыктар
БШК медиа-мектеп алкагында онлайн жолугушуу өткөрдү
Шайлоо 2023
БШК медиа-мектеп алкагында онлайн жолугушуу өткөрдү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы медиа-мектеп алкагында онлайн жолугушуу өткөрдү. 

Анда “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” Конституциялык мыйзамды талкууга алынды. Жолугушуунун катышуучуларына парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берилди. 

Мындан сырткары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөөрү айтылып, жаңы мыйзамда каралган гендердик жана жаштар квоталары тууралуу да маалымат берилди.