Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо максатында жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо максатында жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстан аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.