Жаңылыктар
Чүйдө өрт өчүрүү иштери уланууда
Кырсык
Чүйдө өрт өчүрүү иштери уланууда

Кемин районундагы Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Көк-Жар, Борду коктуларында чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 30дан 50гектарга чейинки аянтты күйүп кетти. 

Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тартылды. Өрт 7-сентябрь күнү кечке маал тутанган.