Жаңылыктар
Биринчи май райондук милициясынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
Кылмыш
Биринчи май райондук милициясынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИББнын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери, милициянын майорун кармады. 

Маалыматка ылайык, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери "алдамчылык кылды" деп жоопко тартуу аркылуу коркутуу менен, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургунунан улуттук элементтерден жасалган кымбат баалуу сувенир жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Кылмыш-жаза кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган адам тиешелүү тергөө чараларын андан ары ишке ашыруу үчүн УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.