Жаңылыктар
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
Экономика
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10чу кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Түркия биздин өлкөнүн бирден-бир ири соода-экономикалык өнөктөшү. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарылдыгы тууралуу сөз болду. 

Марипов келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Улукбек Марипов ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи. Ал Түркиянын Өкмөтүнө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюуда көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана жакын арада берилген 150 миң доза вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Мындан тышкары, Бишкек шаарында кыргыз-түрк ооруканасы иштеп жатат, ал боюнча келишим алкагында медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтүлөт. Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде медициналык багыттагы түрк университеттеринде кыргыз студенттерин окутууга квоталардын бөлүнүшү, Түркия ооруканаларында акысыз негизде 150 кыргызстандыкты дарылоо үчүн ар жылкы квоталарды берүүнү жаңыртуу, эки өлкө жарандарынын республикалардын аймагында жүрүү мөөнөтүн узартуу, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгү үчүн уруксат берүүчү документтердин наркын паритеттик негизде төмөндөтүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду