Жаңылыктар
Бардык сот залдарына аудио-видео көзөмөл орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бардык сот залдарына аудио-видео көзөмөл орнотулат

Сотторго болгон ишенимди жогорулатуу максатында ишке ашкан долбоор 2022-жылы аяктайт. Ага ылайык чечимдер акыйкат экенин далилдөө үчүн бардык сот залдарына аудио-видео көзөмөл орнотулат. 

Бул багытка атайын бюджеттен каражат бөлүнүп, калган сумма эл аралык демөөрчүлөрдүн колдоосу менен каржыланды. Азыркы тапта өлкө боюнча 157 сот залына камера коюлуп, бардык отурумдар тасмага тартылууда. 

Эгерде кайсы бир тарап соттун чечимине нааразы болсо анда ал сот процесси түшүрүлгөн тасманы колдонуп, экинчи инстанцияга арыз менен кайрылса болот. 

Мыйзамга ылайык тартылган тасмалар архивде отуз жылга чейин сакталат. Соттордун ачыктыгын камсыз кылуу боюнча өткөн жыйында эл аралык уюмдар менен жактоочулар видео көзөмөл калктын сотторго болгон ишенимин арттырууда зор роль ойной турганын билдирди.