Жаңылыктар
Цементтен куюлган жолдор салынабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Цементтен куюлган жолдор салынабы?

Кант цемент заводу Өкмөткө, салынып аткан жолдорго асфальт эмес бетон төшөөнү сунуш кылды. Бул тууралуу аталган заводдун директору Аскар Арпачиев менен Экономика министринин жолугушуусу учурунда маалым болду. 

Аскар Арпачиев цементтен куюлган жолдор асфальтка караганда сапаттуу болуп, баасы жагынан 30 пайызга арзанга түшөрүн, Өкмөт үчүн дагы бир топ пайдалуу болоорун айтты. 

Белгилей кетсек Евроазиялык экономикалык биримдикке киргенден бери Казакстандан арзан цемент ташылып, Кант цемент заводунун өндүрүшү 15 пайызга төмөндөп кеткен.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118