Жаңылыктар
Улукбек Марипов окуучуларга класстык саат өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов окуучуларга класстык саат өтөт

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 15-сентябрда Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, “Тынчтык сабагын” өтөөрүн билдирди. 

Марипов класстык саатты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү дагы өтө турганын жазган. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө башталат.