Жаңылыктар
Президент эл аралык армия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент эл аралык армия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, атамекендик аскер кызматкерлери – VII эл аралык армия оюндарынын алкагында өткөн «Танкалык биатлон» жана «Десанттык взвод» мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. 

Мамлекет башчысы аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Токио шаарындагы Олимпиада оюндарында жогорку натыйжага жетишкен спортчулар менен катар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек кылышканын белгиледи. VII эл аралык армия оюндары-2021.

22-августтан тартып 4-сентябрга чейин 11 мамлекет аймагында өткөрүлдү. Алар: Алжир, Армения, Беларусь, Вьетнам, Иран, Катар, Казакстан, Кытай, Россия, Сербия жана Өзбекстан. Мелдештер бир учурда 23 аскер машыгуу талаасында жана Каспий, Аравий, Япония деңиздеринин сууларында өттү. Ага 42 өлкөдөн 277 команда курамында 5 миңден ашуун аскер кызматкери катышты. 

Кыргызстандын курамасы «Танкалык биатлон» жана «Десанттык взвод» экинчи дивизионунун финалынын жеңүүчүсү катары, кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алды.