Коомдук биринчи канал көрүүчүлөрүнө “Илимдеги кыздар” жаңы теледолбоорун сунуштайт.
Долбоор 14 жаштан 18 жашка чейинки окуучу кыздарга арналып, алардын илим тармагында өзүн таанууга багытталат. Ошондой эле кыздарды жаңы технологиялар, инженердик ишмердик менен математиканы өздөштүрүүгө үндөп, кесип тандоо жана андан ары карьералык өсүш жасоого көмөк көрсөтүү долбоордун негизги максаттарынын бири.
Көрсөтүү 2021- жылдын октябрь айынан тарта айына эки жолу кыргыз тилинде 20 мүнөттөн эфирге чыгарылып, окутуп-үйрөтүү форматында болот.
Долбоорду ЮНИСЕФтин колдоосу менен КТРКнын “Маалымат” бирикмеси ишке ашырат.