Жаңылыктар
Опера жана балет театрындагы жагдай
Маданият
Опера жана балет театрындагы жагдай

Акыркы убактарда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын дарегине ар кандай пикирлер айтылууда. Анда иштеген айрым артисттер театрдын ишин сынга алып нааразы болушса, коллективдин экинчи тобу мындай пикирлерди жокко чыгарып келет. 

Сахнада буттун учу менен басып, абада жеңил калкыган балериналар, быйылкы театр сезонунун ачылышына кызуу даярдык көрүп жатышат. Пандемиянын кесепетинен 1 жылдан ашык күтүп калган театр күйөрмандарын, дүйнөнүн 150гө жакын өлкөсүн кыдырып, кыргыз элинин маданиятын, искусствосун тааныткан “Чолпон” балети менен тосуп алуу пландалууда.
Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү, бул чыгарманы жаңыча ыкма жана кийимдер менен кайрадан иштеп чыгышып, көптөн бери даярданышууда.