Жаңылыктар
КТРК аркылуу жарандар юридикалык жардам алат
Кыргызстан жаңылыктары
КТРК аркылуу жарандар юридикалык жардам алат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы алгачкы жолу ири масштабдуу “Акысыз адвокат” долбоорун ишке киргизүүдө. Көрсөтүү 16-сентябрда саат 19.20 да эфирге чыгат. Түз эфирде 50 мүнөт адвокаттар жарандардын суроолоруна жооп берип, көйгөйүн чечүүгө жардам берет. Алгач жалпы суроолор андан кийин тематикалык негизде көрсөтүү уланат. Түз эфир аркылуу жарандар жер, мурас талашуу, кыймылсыз мүлк көйгөйү, алимент, үй-бүлө укуктары жана башка көптөгөн маселелер боюнча адистерден кеп-кеңештерди алса болот.