Жаңылыктар
КТРКнын үч каналы "Күмүш баскычка" ээ болду
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКнын үч каналы "Күмүш баскычка" ээ болду

Коомдук каналдын "Ала-Тоо 24" , КТРК Спорт жана "Баластан" каналдарынын көрсөтүүлөрү Ютуб каналында катталган көрөрмандарынын санын арбытып, Ютуб каналынын күмүш баскычына ээ болду. Ала-Тоо 24 маалымат каналынын ютуб каналында бүгүнкү күндө 230 миңге жакын көрөрмандары күнүмдүк жаңылыктардан кабардар болуп турат. 

Ошондой эле маалыматтарды социалдык тармактар аркылуу бөлүшүүдө активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Канал 24 саат бою өлкөдө жана дүйнөдө болгон жаңылыктарды кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдап эфирге чыгарат. 

Ал эми КТРК Спорт каналы да буга чейин миңдеген көрармандарын таап, өзгөчө Токиодо өткөн Олимп оюндарын түз алып берип, катталуучулардын саны артты. "Баластан" каналы аркылуу балдарга билим берип, тарбиялоодо маанилүү көрсөтүүлөрү менен өз көрүүчүлөрүн көбөйттү.