Жаңылыктар
Россиянын Самара облусунда "Элдердин достугу паркы" этномаданий комплекси ачылды
Мекендештер
Россиянын Самара облусунда "Элдердин достугу паркы" этномаданий комплекси ачылды

Орусиянын Самара облусунда "Элдердин достугу паркы" этномаданий комплекси ачылды. Самарада эки жүздөн ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. 

12 гектар аянтты ээлеген сейил бакта 20 улуттун турак жайлары жайгашкан. Меймандарды алгач кыргыз боз үйү жана немис үйү тосуп алат. Этнографиялык парктын курулушу 2016 -жылы башталган. Илимпоздор жана архитекторлор улуттук үйлөрдүн так көчүрмөлөрүн жаратууга чакырылган. 

Ар бир улуттун каада -салты, үрп -адаты, жашоо образы тууралуу маалыматтарды чогултуу боюнча көптөгөн илимий жана тарыхый иштер жүргүзүлгөн. Кесиптешибиз Мирбек Молдакунов этнокомплекстин ачылышына күбө болду.