Конституциялык реформага байланыштуу талкуулар токтой элек. Бийликтин демилгесин колдогондор өкмөттү күчтөндүрүү учурдун талабы экенин, сот системасын жакшыртуу зарылчылыгын да белгилешет. Жаңы долбоордун кемчилигин санагандар да жетиштүү. Баш мыйзамды өзгөртүү саясатчылар, талдоочулар талкуулаган негизги маселе бойдон калууда.
Баш мыйзамды өзгөртүүнү Жогорку Кеңештеги КСДП, “Республика-Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир бол” фракциялары колдогон. Парламент депутаты, социал-демократ Марат Аманкулов жаңы долбоорду колдоп жатканын төмөндөгүдөй түшүндүрөт.
Марат Аманкулов: Мында саясий да, экономикалык да туруктуулукту камсыздай турган өзгөртүүлөр камтылган. Президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын так бөлүштүрүлүшүн да көрүп турам. Натыйжалуу сот реформасына да багыт берилген. Ошондой эле өлкөнүн эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамына шайкеш келбеген шартта ишке ашпашы керек экени көрсөтүлүп турат.
2020-жылга чейин Конституцияны референдум жолу менен гана өзгөртүүгө мүмкүн экени баш мыйзамдын өзүндө көрсөтүлгөн. Бирок, мындай чектөө да ашыкча экенин айткандар бар. Талдоочу Айнура Арзыматова Конституциянын жаңы үлгүсүн кабыл алуу учурдун талабы экенин айтууда.
Айнура Арзыматова: 2010-жылы Конституция кандай шартта кабыл алынып калганын эстесек. Аны кайра өзгөртүүгө эмне үчүн мораторий киргизилди? Көп өлкөлөрдө эч нерсе өзгөрбөсүн деген мораторий жок. Биздеги жагдай ага чейин баш мыйзам улам бурмаланып жатканынан улам аргасыз кабыл алынган чара эле. Бүгүнкү көтөрүлүп жаткан демилгелер жөн жерден жаралган жок. Шашылыш кабыл алынган Конституциядан кемчиликтер табылып турду. Азимжан Аскаровго байланыштуу абалды шарттаган 41-берене өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн соңку чечимди кабыл алууга түрткү болду.
Кыргызстандагы сот чечимдерине эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүн чектей турган 41-беренедеги өзгөртүү көпчүлүктүн назарында. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Алымбеков бул жагдай мыйзамдар бири-бирине карама-каршы болуп калышын шарттайт деп ишендирет.
Эркин Алымбеков: 41-берененин Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу бөлүмүндө Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу - деп белгиленген. Ал эл аралык органдар террордук уюмдар эмес да. Эң биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюму, Европа Коопсуздук кызматташтык уюму, Евразия экономикалык биримдиги тууралуу да сөз болуп жатат. 41-берене менен 6-берене бири-бирин толуктап турат. Эгерде өзгөртүү киргизилсе бири-бирине каршы келип калат да. 41-беренени өзгөртүү менен алтынчыны да жокко чыгарып, Бириккен Улуттар Уюмунун катарынан чыгыш керек.
Жаңы долбоорго айрым оппозициялык күчтөр каршы чыгышууда. Ал эми парламентте жалгыз “Ата-Мекен” фракциясы гана демилгеге макул эмес. Референдум өткөрүү күз айларына белгиленген. Учурда талкуулар кызуу жүрүп жатат.