Жаңылыктар
Ак-Талаа районундагы завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда
Экономика
Ак-Талаа районундагы завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы асфальт заводу саатына 80 тонна асфальт чыгарууда. 

Ишкана иштей баштаган үч жыл аралыгында сегиз айылдын ички жолдорун асфальттоого жетишти. 

Быйылкы жылдын акырына чейин дагы эки айылдын жолун асфальттоо аракети көрүлүп жатканын райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты.