Жаңылыктар
Кыргызстанда мектептер эшигин ачып, балдар кадимки тартипте окуй баштады
Билим
Кыргызстанда мектептер эшигин ачып, балдар кадимки тартипте окуй баштады

Кыргызстанда мектептер эшигин ачып балдар кадимки тартипте окуй баштады. Белгилүү болгондой коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү жайлары 2020-жылдын жазында жабылган. Кийин окуу процесси жарым-жартылай онлайн түрүндө улантылган.

Баш калаадагы мектептин биринде окуу жылы өлкөнүн 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган ачык сабак менен башталды. Класс ичинде окуучулардын маанайы көтөрүңкү. 

Бул мектепте 1800 окуучу билим алат. Алардын катарын мектеп босогосун аттаган жеткинчектер толуктайт. Мекеме толук ремонттон өтүп, санитардык эрежелерди сактоого камылга көрүшкөн. 

Менчик мектептер дагы билим күнүн салтанат менен тосушту. Алардын бири Жал кичи районундагы билим берүү мекемеси. Мында узакка созулган тыныгуудан кийин улантылып жаткан окуу жылы бир тобун толкундантты.

Коронавирустан улам өлкөдөгү билим берүү мекемелери дээрлик 1 жарым жылдан бери жабык турган. Муниципалдык же менчик болобу бардыгы окуу жылына кылдаттык менен даярданган.

Аралыктан окутуу баарын түйшүккө салды, улуулар ортодо кыйналып, окуучулар жеткиликтүү билим ала албай аксады. Калыбына келген окутуу системасына өзгөчө ата-энелер кубанычта.

Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат. Билим берүү мекемелерине талаптар коюлган, маал-маалы менен нымдуу тазалоо жасалып, класс желдетилип турушу кажет. Окуучу менен кызматкердин дене табы өлчөнүп, күн сайын журналга катталат. Бул аракеттин баары илдеттин алдын алуу максатында жасалууда.