Жаңылыктар
Токтоян айылынын окуучулары жаңы мектепте билим алышат
Билим
Токтоян айылынын окуучулары жаңы мектепте билим алышат

Жаңы окуу жылына карата Ысык-Көл облусунда бир мектеп, эки спорт зал ачылды. Жыл аягына чейин дагы он мектеп жана мектепке чейинки билим, тарбия берчү жайлардан үчөө пайдаланууга берилет.

Токтоян айылынын окуучулары эми жаркыраган жаңы мектепте билим алышат. Түп районуна караган Токтоян айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу жети жыл мурда башталган. Каражаты өз убагында бөлүнбөгөндүктөн курулушу көпкө созулуп келди. Республикалык бюджеттен каржат бөлүнүп, мектеп заманбап болуп бүткөрүлдү. Спорт залы, ашкана, компьютердик класстары талапка жооп берет. 

Көөчү айылындагы мектепке тийиштүү спорт зал да көп жылдардан бери курулушу аягына чыкпай, элдин колдонуусуна өтпөй жүргөн. Жергиликтүү калктын көптөн берки өтүнүчү эске алынып, быйыл бул жай да пайдаланууга берилди. Мындан сырткары Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен бүткөрүлгөн Арал айылындагы спорт залдын ачылышы болду.