Жаңылыктар
Баткенде социалдык объектилерди курууда уурдалган акчалар аныкталды
Коррупция
Баткенде социалдык объектилерди курууда уурдалган акчалар аныкталды

Баткен облустук прокуратурасы мамлекетке 38 млн сомдон ашык зыян келген фактыны аныктады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгында Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен алты социалдык объекти боюнча аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштарга 38 млн 114 миң 608 сомду жеке жактарга мыйзамсыз которуп жиберген. 

Анын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилди. Бул факт боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.