Жаңылыктар
Индияда бир нече аймакты сел каптады
Дүйнө
Индияда бир нече аймакты сел каптады

Индиялык куткаруучулар талыкпай иштеп жарандарга көмөк көрсөтүүдө. Өлкөнүн батыш тарабында жайгашкан Гуджарат штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам селдер жүрүп жатат. Суу агымдары шаардын көчөлөрүн аралап өтүүдө. Айтсак суунун агымы күчтүү болгондуктан адамдарга көчөлөрдөн өтү кыйынга турат.

Учурда куткаруучулар аркан, шаты, коопсуздук кийимдерин камдашууда. Бул жабдыктар биринчи кезекте адамдарды аман алып калуу үчүн колдонулат. Ал эми Жамнагар жана Раджкот шаарларында абал бир топ оор. Бул аймактарда бир суткада 30 сантиметрге чейин жеткен катуу жаан жаады.

Муссон же башкача айтканда Индияда жаан-чачындын мезгили июндан сентябрга чейин созулат. Буга байланыштуу табият кырсыгынан жыл сайын жүздөгөн адамдар курман болот. Ал эми ушул жылдын июль айында Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан 110 адам көз жумган. 

Айтсак ошол эле учурда бул мезгил өлкөнүн айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү. Анткени миллиардаган адам бул мезгил аралыгында эгин талааларын сугарып, түшүм алып жан багышат.