Жаңылыктар
Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аба жолдорду кеңейтүү зарыл
Туризм
Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аба жолдорду кеңейтүү зарыл

Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аба жолдорду кеңейтүү зарыл. 

Ошондой эле туристтердин коопсуздук маселесин жана тейлөө тармагын жакшыртыш керек дешет эксперттер. 

Жалпыга маалым болгондой эле быйыл Кыргызстанга келген туристтерди саны 15 пайызга азайган. Кыргызстанга келген туристтердин агымы  былтыркыга  салыштырмалуу  15 пайызга азыраак. 

Анын себептеринин бири быйылкы жылдагы туруксуз аба-ырайынан улам болгон. 

Бирок  туристтердин аз келиши өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизген жок. Тескерисинче былтыркы жылга салыштырмалуу  көбүрөөк киреше түштү дешет адистер. 

Эми алдыда боло турган көчмөндөр оюнуна келген туристтердин саны көбөйсө бул көрсөткүч дагы өсөт деген ишеним бар дешет алар.